Казакстандын "Кайрат" клубу "Реал Мадридге" ири эсепте утулду
Алматынын "Кайрат" клубу Чемпиондор Лигасынын жалпы этабынын экинчи турунда мадриддик "Реалдан" жеңилип калды. Оюн Алматыдагы Борбордук стадиондо өттү.
Тарыхый оюнду 20 миңден ашуун футбол сүйүүчүлөрү көрүштү.
"Кайраттын" дарбазасын бүгүн 18 жаштагы Шерхан Калмурза коргоду. Шерхан Александр Заруцкий менен Темирлан Анарбеков жаракат алган соң "Кайраттын" башкы дарбазачысы болуп калды.
"Спортинг" менен болгон оюнда Шерхан команданын капитаны Мортен Юлмандын тобун тосуп калган.
Оюндун биринчи бөлүгүндө 25-мүнөттө Килиан Мбаппе пенальти аркылуу гол киргизди. Экинчи тайм башталгандан көп өтпөй 52-мүнөттө Мбаппе экинчи голду киргизүүгө жетишти.
Экинчи бөлүктө "Кайратка" гол жаратууга мүмкүнчүлүк берген пенальти дайындалган, себеби Себальос Громыконун бутуна тээп алган. Бирок VAR системи каралгандан кийин калыс чечимди жокко чыгарды.
73-мүнөттө Мбаппе кайрадан гол киргизип, хет-трик жасады.
"Кайраттын" машыктыруучусу Рафаэль Уразбахтин оюн жүрүшүн өзгөртүүгө аракет кылып, Байбек, Эдмилсон, Станоев, Рикардиньо жана узак убакыттан бери жаракаттан улам ойнобой жүргөн Зарияны оюн талаасына чыгарды. Бирок бул өзгөртүүлөр оюнга таасир берген жок.
83-мүнөттө Эдуардо Камавинга "Кайраттын" дарбазасына төртүнчү голду киргизди. Ал эми кошумча убакытта Браим Диас дагы бир гол киргизип, акыркы эсепти бекитти.
Оюн 5:0 эсеби менен мадриддик клубдун жеңиши менен аяктады.
Мадриддин "Реалы" алты упай менен УЕФА Чемпиондор лигасынын турнирдик таблицасында биринчи орунда турат. Ал эми "Кайрат" упай топтой албай, акыркы 36-орунда жайгашты.
Кийинки турда казакстандык команда өз талаасында "Пафос" клубун кабыл алат. Испандык команда болсо өз үйүндө "Ювентус" менен беттешет.
Мадриддик "Реал" тарыхында алгач ирет Казакстан аймагында оюн өткөрдү. Ал эми алматылыктар үчүн Европанын эң көп наамга ээ болгон клубу менен беттешүү Чемпиондор Лигасынын жалпы этабындагы алгачкы оюну болду.
Эске салсак, Казакстандын "Кайрат" клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2025/2026-жылкы сезондогу плей-офф баскычында Шотландиянын атактуу "Селтик" командасын утуп, бул турнирдин негизги этабына тарыхта биринчи жолу жолдомо алган.
"Кайрат" клубу "Селтикти" жеңүү менен УЕФАнын байге фондунан кеминде 18 миллион 620 миң евро же 11,7 миллиард теңге каражат утуп алган. Мындан тышкары, негизги этаптагы ар бир утуш үчүн 2,1 миллион евро, тең чыгуу үчүн 750 миң евро кошумча сыйлык берилет.
Эми быйыл күзүндө башталып, 2026-жылдын кыш мезгилине чейин созула турган негизги этапта Казакстандын "Кайраты" Европанын эң күчтүү клубдары менен сегиз жолу оюн талаасына чыгат. Казакстан испаниялык "Реал Мадрид", бельгиялык "Брюгге", грециялык "Олимпиакос" жана кипрдик "Пафос" клубдары менен беттешти Алматыда өткөрсө, италиялык "Интер", англиялык "Арсенал", португалиялык "Спортинг" жана Даниянын "Копенгаген" клубдары менен боло турган беттештерин башка өлкөдө өткөрөт.
