Бишкекте фармацевт кармалды
Бишкекте психотроптук күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди уруксатсыз сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу калаа милициясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 19-сентябрда милиицияга Октябрь районунун аймагындагы дарыканалардын биринде фармацевт психотроптук күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди дарыгердин уруксат кагазы жок тааныштарына сатып жүрөт деген маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган Н. Г. Б. аттуу жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Белгилей кетсек, шектүүнүн капчыгын кароо учурунда психотроптук күчтүү таасир этүүчү "Лирика" жана "Тропикамед" дары-дармектери табылган. Азыркы учурда күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер соттук-экспертизага жөнөтүлдү.

