Трамп: "Өкмөт ишинин токтошу мени тынчсыздандырбайт"
АКШ президенти Дональд Трамп өкмөттүн ишинин токтоп калуу коркунучунан тынчсызданбай турганын билдирди. Ал жоопкерчиликти демократтарга жүктөп, "демократтар мыйзамсыз мигранттарга медициналык жардам берүүнү каалап жатат" деп айыптады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Ак үйдө өткөн жолугушууда республикачылар менен демократтар өкмөттү каржылоо боюнча макулдашууга жетишкен жок. Демократтар медициналык камсыздандыруу субсидияларын узартууну талап кылса, Трамп мыйзамсыз мигранттарга бул жардам берилбеши керектигин билдирди.
Өкмөт иши токтоп калышы мүмкүн болгон шартта дүйнөлүк рыноктордо туруксуздук байкалууда. Республикачылар болсо демократтарды "өкмөттү саясий талаптардын барымтасына айлантты" деп айыпташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.