super.kg logo

Яндекс Go өзүнүн Такси сервисин дүлөй айдоочулар үчүн ыңгайлаштырды

 

Яндекс Go айдоочулар үчүн платформаны жаңыртты: эми дүлөй жана угуусу начар айдоочулар сервиске катталууну ыңгайлаштырылган – сайттан телефон чалуусуз эле ишке ашырат. Андагы окутуулар жаңсоо тилинде жеткиликтүү жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда баарлашууга жардам берүү үчүн унааларда эми атайын карточкалар пайда болду. Кыргызстанда Яндекс Goдо 300дөн ашык дүлөй жана угуусу начар айдоочулар иштейт, алар айына 25 000ден ашык жүрүш жасашат.

Бул жаңылануу жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленүүчү Эл аралык дүлөйлөр күнүнө карата ишке ашты. Өзгөртүүлөр угуусу начар айдоочулардын тажрыйбасы жана пикирин эске алуу менен киргизилди.

Эми сервистке өзүнчө сайт аркылуу кошулса болот – ал толугу менен тексттик форматта болгондуктан, чалуунун зарылдыгы жок. Айдоочу форманы толтургандан кийин, колдоо кызматы мессенджер аркылуу байланышка чыгат. Яндекс Пронун аткаруучулары үчүн тиркемедеги окутуу жаңсоо тилине которулду.

Жүргүнчүлөр менен байланыш түзүү үчүн “Дүлөй же угуусу начар айдоочу” деген жазуусу бар чехолдор унаадагы баш койгучтарга кийгизилип, баарлашуу үчүн карталар пайда болду. Алардын жардамы аркылуу, мисалы, айдоочудан желдеткичти же музыканы күйгүзүүнү суранса болот. Эксперттер таксопарктар үчүн дүлөй жана угуусу начар айдоочулар менен баарлашууга жардам берүү үчүн эскерткич даярдашты. ЯндексПро аны угуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге таксиде иштөө ыңгайлуу болуш үчүн жалпыга жеткиликтүү кылып койду.

Сыргак уулу Садык, сурдокотормочу: «Инклюзия маанилүү, бирок аны ишке ашыруу өзгөчө аракетти талап кылат. Эң башкысы — ушул багытта кыймыл болуш керек: ар бир кадам адамдардын жашоосун өзгөртөт. Дүлөй же угуусу начарлар менен иштегенде тилди жана маалыматты жеткирүү формасын ыңгайлаштыруу зарыл — аны түшүнүктүү, көнүмүш кылып берүү, визуалдык материалдар менен коштоо, колдорду жаңсоо тилин колдонуу керектелет. Мисалы, мен Яндекске угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык айдоочулар үчүн окутуу видеолорун которуп, ыңгайлаштырууга жардам бердим. Дүйнөнү жана баарлашууну башкача кабыл алган адамдардын башкалардай эле мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок коом жана бизнес алар менен тең укуктуу диалог жаратуу үчүн атайын шарт түзүүгө даяр болушу керек»


Яндекс Про тиркемесинде буга чейин угуусунан мүчүлүштүгү бар айдоочулар үчүн атайын мүмкүнчүлүктөр пайда болгон. Аны иштеткенде, буйрутма келгенде айдоочунун смартфону дирилдеп, экран өчүп-күйүп баштайт. Жүргүнчүлөр менен кардарларды колдоо кызматы айдоочунун дүлөй же угуусу начар айдоочу экендиги тууралуу эскертилет. Мындай учурда “чалуу” баскычы өчүп, байланыш чат аркылуу жүргүзүлө баштайт. Айдоочулар бул опцияны кардарларды колдоо кызматы аркылуу жандыра алышат - арыз иштелип чыккандан кийин сервистин интерфейсти жаңыланат






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: