super.kg logo

Октябрь айы ичи мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болот

 
1-октябрдан 30-октябрга чейин Кыргызстандын мамлекеттик музейлеринде "Ачык эшиктер айы" жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай иш-чара президенттин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы", "Улуттук нарк жөнүндө", ошондой эле "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу алкагында жана өлкөбүздө алгачкы музейдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулууда.
Кыргызстандын жарандары үчүн кирүү акысыз.
Демилгенин максаты:
  • Кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурасы менен калкты, өзгөчө жаштарды, терең таанышуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу;
  • Улуттук баалуулуктарды, тарыхты жана маданий өзүнчөлүктү урматтоону өнүктүрүү;
  • Жарандардын патриоттук сезимин, маданий аң-сезимин жана иденттүүлүгүн чыңдоо.
Музейлердин иш графигине ылайык, ар бир музейде белгилүү бир күндөр санитардык тазалоого арналган. Ошондуктан барууну пландаштыруудан мурун, музейдин администрациясынан так маалымат алып коюу сунушталат.
​Суроолор боюнча байланыш номерлер:
+ 996 312 621641; + 996770 334 040
Маалымат алуу 10:00-18:00 чейин.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: