super.kg logo

Өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталууда

 

Өлкөдө өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү демилге коомдук талкуунун "Жарандардын сунушу" бөлүмүнө чыкты.

Анда өлүм жазасын мыкаачылык менен киши өлтүргөндөргө, жашы жете электердин өмүрүн кыйгандарга жана жыныстык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү менен адам өлтүргөндөргө колдонуу керектиги белгиленген.

Документте мындай жаза өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде жана бардык соттук инстанцияларда каралгандан кийин гана колдонулары көрсөтүлгөн. Бирок өлүм жазасы аялдарга же жашы жете электерге колдонулбай турганы кошумчаланган.

"Жашы жете электердин мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатканы жана зордук-зомбулуктун көбөйүшү колдонулуп жаткан жазалардын жетишсиздигин көрсөтүп турат. Өзгөчө учурларда өлүм жазасын киргизүү коомду коргоого, мындай кылмыштардын алдын алууну күчөтүүгө жана жазанын сөзсүз түрдө принцибинин бекемделишине жардам берет",- деп айтылат документтин негиздемесинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: