Конгонун экс-президентин өлүм жазасына тартууга өкүм чыкты
Конгонун мурдагы президенти Жозеф Кабилага өлүм жазасы чыкты. Аскердик сот аны мамлекеттик чыккынчылык жана аскердик кылмыштар үчүн айыптап, дароо камакка алууну жана мамлекетке 29 миллиард доллар төлөтүүнү чечти. Бул тууралуу AP басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, тергөө Кабиланы Руанда жана аны колдогон M23 козголоңчулары менен кызматташкан деп эсептейт. Бул топ январь айында өлкөнүн чыгышындагы бир катар маанилүү шаарларды басып алган. Бирок экс-президенттин азыркы жайгашкан жери белгисиз.
Кабиланын партиясы өкүмдү саясий куугунтук деп атады. Ал эми айыптоо тарабы мурдагы аскер жетекчилердин көрсөтмөлөрүнө таянып, Кабила азыркы президент Феликс Чисекедини кулатуу планын талкуулап турганын билдирген.
БУУнун маалыматына ылайык, M23 менен болгон жаңжалдан быйыл эле 3 миңге жакын адам каза болуп, 7 миллион киши көчүрүлүүгө мажбур болгон.
