super.kg logo

Кудайберген Базарбаев 100 жаштагы Кайрыл Каратаевадан кабар алды

 

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев бүгүн, 1-октябрь - Карылар күнүнө карата Баткен облусундагы 100 жаштагы Кайрыл Каратаевадан кабар алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каратаева 13 (10 уул, 3 кыз) баланы тарбиялаган. Бүгүнкү күндө алардын артында 100гө жакын небере, 20га жакын чөбөрө жана 2 кыбырасы бар.

Ага белектер тапшырылып, жылуу пикирлер айтылды.

Базарбаев өз сөзүндө мамлекет тарабынан улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, алардын социалдык абалын жакшыртуу жана татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуу дайыма көңүл чордонунда турарын баса белгиледи.

Ошондой эле агенттиктин жетекчиси облуска болгон иш сапарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: