super.kg logo

Жалал-Абаддын тургундары орус номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартууну суранышууда

 

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун тургундары кайрылышып, орус номурлуу унааларын мыйзамдаштырууга жетишпей калышканын билдиришти.

Алар бийлик өкүлдөрүнөн мыйзамдаштыруунун убактысын узартууну жана мыйзамдаштыруудагы сумманы азайтууну суранышууда. Айдоочулардын айтымына караганда, алардын кезеги келгенче, мыйзамдаштыруунун убактысы бүтүп калган.

"Кечээ күнү түнкү саат 22:00дө техникалык кароо жабылып калды. Бир апта кезек күтүп жаткандар болдук. Мен 500-орундан 87-орунга келгенде бүтүп калды",- деди алардын бири.

Унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей калгандардын дагы бири легалдаштыруунун суммасы кымбат болгондуктан, айтылган сумманы тапкыча унааны мыйзамдаштыруунун мөөнөтү бүтүп калганын айтат.

Айта кетсек, чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу бүгүн, 1-октябрда токтотулду.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Жалал-Абаддын тургундары орус номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартууну суранышууда

Жалал-Абаддын тургундары орус номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартууну суранышууда

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: