super.kg logo

Ошто кафе-ресторандарга унаа токтотуучу жайларды тез арада уюштуруу тапшырмасы берилди 

 
Ош шаарынын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу жана шаардагы жол тыгынын азайтуу максатында ар бир коомдук тамактануучу жайдын өзүнүн унаа токтотуучу жайы болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда мэриянын маалымат кзыматы билдирди.
Мындан улам кыска убакытта унаа токтотуучу жайларды уюштурууну колго алуу зарылчылыгы турат.
"Быйылкы жылы Ош шаарында бир топ жолдор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кеңейтилген. Бирок жаңы жасалган жолдордун четтери унаа токтотуучу жай катары пайдаланылып, кайрадан эле жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатат. Андыктан сиздерге келген кардарлардын унаалары жол тыгынын пайда кылып, башкаларга ыңгайсыздык жаратпашы керек. Шаарыбыздын кызыкчылыгы үчүн жергиликтүү бийликтин бул аракетин колдоп, өз салымыңызды кошууга чакырабыз!" - деди мэриянын маалымат бөлүмү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: