super.kg logo

Кыргызстанда өлүм жазасы болгонбу? Тарыхка карай...

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Айсулуу 41 жаштагы жарандын колунан ажал тапкан соң, Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү сунушу бериле баштады.

Бул арада кыргызстандыктарды нес кылган окуяны өлкө башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, өлүм жазасын киргизүүнү караштыруу боюнча тапшырмасын койду.

Өлүм жазасы Кыргызстанда болгонбу?

- Кыргызстандын Баш мыйзамы өлүм жазасына тыюу салат.

- 1998-жылы ошол кездеги мамлекет башчысы Аскар Акаев Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 50 жылдыгына карата өлүм жазасына эки жылдык мораторий киргизген. Анын мөөнөтү бир нече ирет жылдырылган.

- Акыркы өлүм жазасы 1998-жылы аткарылып, мыйзамды аткаруу атуу жолу менен жүргүзүлгөн.

- Өлүм жазасын жоюу жарлыгы мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиев тарабынан 2007-жылы жарыяланып, 2010-жылдын декабрында Кыргызстан өлүм жазасын жоюуга багытталган Адам укуктары жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколун кабыл алган. Жаңы Жазык кодексинде өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылган.

Жогорку Кеңеште да бул мыйзамды кайтарууну 2023-жылы эл өкүлдөрү сунуштаган. Бирок анда педофилдерди өлүм жазасына тартуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок Өкмөт депутаттардын бул аракетине каршылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: