super.kg logo

Өлкөнүн муфтийи аянычтуу окуядан кийин элге кайрылуу жасады 

 
Муфтий Абдулазиз Закиров өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуунун өлүмү боюнча кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештерим, өзгөчө мырзалар! Аялзаты – бул коомдун жүрөгү, үй-бүлөнүн куту, жашоонун энеси, өмүрдүн тиреги. Бүгүнкү кыздарыбыз – эртеңки энелер. Алар тукум улай турган асылзаттар, балдардын сүйүктүү энеси, бирөөнүн өмүрлүк жары. Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ мындай деп айткан:
"Кимде-ким кыздарды тарбиялап, аларды жакшы карап, мээрим төгүп чоңойтсо, ал бейишке кирет" (Ибн Мажа).
Дагы бир хадисте: "Эненин таманынын астында бейиш бар" (Насаий).

Демек, аялзатын урматтоо – бул жөн гана адеп эмес, бул ыймандуулук, бейишке алып баруучу жол.

Ал эми аялзатына кол салып, зулумдук кылган адам – Аллахка каршы чыккандардын катарына кирет. Эсиңерде болсун: аялзатына кол көтөргөн – өз энесине кол көтөргөн менен барабар, кыздын абийрин тепсеген – өз кызынын абийирин тебелеген менен барабар!

Аллах Таала Куранда:
"Зынаага жакындабагыла! Ал – жийиркеничтүү иш жана жаман жол" (Исра сүрөсү, 32-аят) – деп эскерткен.
Ошондой эле:
"Ким бир бейкүнөө адамды өлтүрсө, ал бүтүндөй адамзатты өлтүргөн менен барабар" (Маида сүрөсү, 32-аят).

Урматтуу эр-азаматтар!

Биздин ата-бабаларыбыз аялзатын ар дайым бийик туткан. Аялзатын намысы жана аны коргоо үчүн бүтүндөй азаматтар аттанган. Кыргызда кызды төргө чыгарган, энени таажыдай башына көтөрүп, абдан катуу сыйлаган. Бул – биздин шариятыбыз, наркыбыз, кан-жаныбызга сиңген асыл салт. Аялзатын урматтоо – бул кыргыздын намысы!

Бирок бүгүн айрым адамдар напсинин кулу болуп, аялзатына кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар жаралып жатат. Бул – чоң трагедия, бул – намысты тебелөө, бул – коомду кыйратуу!

Ата катары – биз кыздарыбызды аруу сактап, уулдарыбызды адеп-ахлакка, ыйманга тарбиялап, үй-бүлөнү коргоп, балдарыбызга мээрим жана камкордук менен үлгү болууга милдеттүүбүз. Ата – үйдүн тиреги. Тирек бекем болсо, үй бекем болот.

Ага катары – ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо – биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары – эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу – бул биздин милдетибиз. Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо – чыныгы эрдик.

Урматтуу мекендештерим! Эр-азамат болуу – бул күч менен мактануу эмес. Эркектин чыныгы күчү – өзүн тыя билүүдө, аялзатына аяр мамиле кылууда. Боорукер болуу – эрдик, мээримдүү болуу – бийиктик, аялзатын коргоо – бул ыймандуулук!

Келгиле, коомду зынаадан, бузукулуктан, зулумдуктан сактайлы. Үй-бүлөнү бийик адеп-ахлак менен тарбиялайлы. Ар бир кызды – өз кызыбыздай, ар бир аялды – өз энебиздей, ар бир бийкечти – өз карындашыбыздай аярлап мамиле кылалы.

Эсиңерде болсун: аялзатына кол салган адамдын акырети караңгы! Алла Таала аялзатын урматтаганды урматтайт, зулумдук кылгандарды дүйнөдө да, акыретте да жазалайт. Биздин коомду сактап калуучу эң чоң курал – бул ыйман, адеп жана аялзатына болгон урмат. Эгер аялзатын урматтасак, коомубуздун уңгусу бекем болот. Эгер аялзатына зулум кылсак, анда коомубуз кыйроо жолуна түшөт. Алла Таала бизди аялзатын урматтап, коомубузду адеп-ахлак менен коргогондордон кылсын!",- деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: