Жерде акыркы үч айдагы эң күчтүү магниттик бороон башталды
Жерге акыркы үч айдагы эң күчтүү магниттик бороон түштү. Бул тууралуу Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын жана Орусия илимдер академиясынын Күн-Жер физикасы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, магниттик бороондор электр жана энергия системдерине таасир эте алат, спутниктердин орбитасынан чыгышына себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле радиобайланышка жана навигацияга кыйынчылык жаратат.
Адистер Жердин тегерегиндеги космос кырдаалы Күн активдүүлүгүнө байланыштуу татаалдашканын, бирок азырынча Жерге түз сокку түшпөгөнүн белгилешти.
Эске салсак, мындай окуя акыркы жолу быйыл 1-июнда катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.