"6 жылга кетесиң деп коркутуп..." "Хайп" үчүн маек берген Сыймык ИИМдин маалыматын төгүндөдү
Ысык-Көлдө киши колдуу болуп каза тапкан өспүрүм кыз тууралуу туура эмес маалымат таратты делген жигит социалдык түйүндөгү баракчасына сүрөт киргизип, ИИМдин маалыматын төгүндөдү. Ал өз кайрылуусунда милиция тарабынан коркутуу болгондугун билдирди.
"Билип-билбей сүйлөбөңүздөрчү, суранам. Мени кыйнап "айт, болбосо 6 жылга кетесиң (ред.: кесилесиң)" деген милиция кызматкерлери. Андыктан мен "хайп, тиешем жок" дедим",- деп жазды Сыймык Нарынбек уулу.
Бирок тарыхчасына чыгарган бул маалымат дароо өчүрүлдү. Азырынча эмне себеп болгондугу айтыла элек.
Мындан тышкары, бул жигит SUPER.KG порталынын Инстаграмдагы баракчасына комментарий калтырып, коркутуу болгондугун дагы ырастады.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу маалымдаган.
Бул арада SUPER.KG порталы маркумдун агасы болом деген Сыймык Нарынбек уулунан маек алды. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул жигиттин каза болгон кыздын тууганы эместигин билдирип, "хайп" үчүн маек бергендигин жарыялаган эле.
