Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 24 карыяга белектер берилди







Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Баткен районунун Согмент айылынын тургуну 100 жаштагы Назарали Ураимовдон кабар алып, облус башчысы Айбек Шаменовдун куттуктоосун жана белектерин тапшырды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдирди.
Назарали атанын 9 баласы, 100гө жакын небере-чеберелери бар. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда, согуштан кийин эсепчи болуп эмгектенген.
Белгилей кетсек, 1-октябрь улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата облус башчысынын буйругу чыгып, карыларга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.
Бул багытта Баткен облусунун аймагында карыяларга сый-урмат көрсөтүү иш-чаралары жүрүүдө.
Баткен облусунда учурда 100 жаштан ашкан 24 жаран бар. Алардын баарына ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектери жеткирилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:00
2025-10-01
14:36
2025-10-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.