super.kg logo

Мюнхендеги жарылуу жана ок атуу: Oktoberfest жабылды

 

Германиянын Мюнхен шаарында бүгүн, 1-октябрда таң эртең менен бир нече жарылуу жана ок атуу катталды. Полиция жана өрт өчүрүүчүлөр ири операция жүргүзүп, аймакты курчоого алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, коопсуздук чараларынан улам дүйнөдөгү эң ири фестивалдардын бири болгон Oktoberfest убактылуу жабылды.

Алдын ала маалыматарга караганда, алгач турак үйдө чыккан өрт тууралуу билдирүү түшкөн, бирок көп узабай жаңы жарылуулар болду. Лерхенауэр көлүнүн жанынан бир эркек кишинин сөөгү табылып, ал өрт чыккан үйгө жардыргыч орнотуп, андан кийин өзүн-өзү өлтүргөнү айтылды.

Полиция окуянын Oktoberfest менен байланышын иликтеп жатат. Мюнхен мэри Дитер Рейтердин айтымында, кылмышка байланыштуу болушу мүмкүн деген кат табылган. Аймактагы мектептер жана жолдор убактылуу жабылып, полиция иликтөөнү улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: