super.kg logo

Өкмөт башчы Улуттук статистика комитетине өлкөдө өндүрүлгөн 50 унаа тапшырды

 

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги "Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө өндүрүлгөн CHEVROLET COBALT үлгүсүндөгү 50 жаңы унааны Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарына тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Адылбек Касымалиев өткөн жылы ишке кирген "Тулпар Моторс" заводунда чыгарылган ата мекендик унааларды тапшыруу экономиканын жалпы өнүгүүсүнүн жана өсүшүнүн далили экенин баса белгилеген. Өкмөт башчысы экономикалык көрсөткүчтөрдүн бир катар мисалдарын келтирип, 2025-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы 1 триллион сомдон ашып, 1 триллион 42,1 миллиард сомду түзгөнүн, ошол эле учурда ИДПнын реалдуу өсүшү 11,0 пайыз деңгээлинде катталганын айткан.

"Жаңы унаалар райондук жана шаардык статистика бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, ушул айга пландаштырылган айыл чарба эл каттоосун жүргүзүүгө олуттуу жардам берет. Берилген транспорт каражаты улуттук статистика кызматынын алдында турган милдеттерди аткаруунун ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатат деп күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын аягында Адылбек Касымалиев алынган унаалар статистика кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга олуттуу салым кошоруна жана ишенимдүү жана өз убагында статистикалык маалыматтарды берүү боюнча жооптуу милдеттерди аткарууга кызмат кыларына ишеним билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: