Бишкекте Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленди














Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарындагы Усубалиев атындагы аянтта Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, ӨКМ Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусупов, жарандык коргонуу кызматкерлери, студенттер, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты.
Программа жарандык коргонуу кызматтарынын парады менен башталды. Конокторго өрт жана кырсык учурундагы куткаруучулардын аракеттери, ошондой эле заманбап өрт-куткаруу каражаттары жана жабдуулары көрсөтүлдү.
Майрамдык салтанаттын алкагында "Жаш куткаруучу" сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Эң мыкты мектеп командалары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык башкармалыгы тарабынан медалдар, грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара атайын техникалардын унаа жүрүшү жана концерттик программа менен аяктады.
Белгилей кетсек, иш-чаралар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкка коопсуздук эрежелерин үйрөтүү максатын көздөгөн кырсыктардын тобокелдигин азайтуу айлыгынын бир бөлүгү.


