super.kg logo

Өлкөдө 1-октябрдан баштап пенсиялар жогорулады

 

Бүгүн, 1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиялар жогорулады.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-октябрдан тартып пенсияларга индексация жүргүзүлдү.

Анда камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсиялар 10 пайызга, бирок 600 сомдон кем эмес өлчөмдө жогорулатылды. Пенсиясы 50 000 сомдон ашкан пенсионерлердин пенсиясына 5 000 сом кошулду. Ал эми жалпы пенсиянын өлчөмү (бардык кошумчаларды эске алуу менен) мыйзамда белгиленген өзгөчө учурларды эсепке албаганда 7100 сомдон төмөн болбой турганы айтылды.

Ошондой эле мекеме пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо үчүн 2 миллиард 43 миллион сомдон ашык каражат каралганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 1-октябрга карата Кыргызстанда 818,7 миң пенсионер бар. Индексациядан кийин орточо пенсиянын көлөмү 11 226 сомду түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: