super.kg logo

Венгриянын премьер-министри кандай шартта дүйнөлүк согуш башталышы мүмкүн экенин айтты

 

Эгерде чоң державалардын бири ката кетирсе, үчүнчү дүйнөлүк согуш каалаган убакта башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Копенгагенде өткөн Евробиримдиктеги мамлекет башчыларынын саммитинин алдында билдирди.

Орбан белгилегендей, бүгүнкү күндө кырдаал абдан чыңалган.

"Эгер дүйнөлүк аренадагы ири мамлекеттердин бири, Венгриядан чоңураак өлкө ката кетирсе, андан ар кандай окуялар чыгып кетиши мүмкүн, анын ичинде дүйнөлүк согуш да", -деди Орбан.

Август айында Орбан билдиргендей, үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучун азайта алган жалгыз нерсе АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия лидери Владимир Путиндин Аляскадагы жолугушуусу.

Мындан тышкары Politico басылмасына маалым болгондой, Европа континентиндеги абал азыр Биринчи дүйнөлүк согуш башталганга чейинки кырдаалга окшош. Алар эскалация коркунучу бар деп эсептешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: