Черногорияда Жалкоолор чемпиондугу старт алды
Черногорияда салттуу Жалкоолор чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул мелдеш Плужиндеги Etno Selo Montenegro деген аймакта башталды. Турнирдин катышуучуларына керебетте жатып, эч нерсе жасабоо талап кылынат. Жеңүүчү болуп эң узак убакыт ордунан турбай жаткан адам эсептелет.
Эреже боюнча катышуучулар 8 саат сайын гана туруп, болгону 15 мүнөткө гана баса алышат. Башкы сыйлык 2 миң еврону түзөт. Бул жылы чемпиондукка 20 адам катышууда.
Катышуучуларга тамак-аш жана суусундуктар берилет, китеп окууга жана гаджеттерди колдонууга уруксат бар. Жалгыз талап 8 саат сайын 15 мүнөт гана туруу зарыл, башка убакта жаткан жеринен жылбашы керек.
Черногорияда Жалкоолор чемпиондугу биринчи жолу 12 жыл мурун уюштурулган. Ал эми 2023-жылы рекорд орнотулуп, жеңүүчү 50 күн бою ордунан жылбай жаткан.
