Өкмөт башчы: "Жылуулук берүү сезону аяктаганда өткөн жылдагыдай олуттуу чечимдер кабыл алынат"
16-январда мамлекеттик органдардын жана облустук өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда өткөн селектордук жыйында премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев “жылуулук
берүү сезону аяктаганда өкткөн жылдагыдай олуттуу чечимдер кабыл алынат” деп
билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Өкмөт башчы аймактарда күз-кыш мезгилдеринде электр энергия боюнча
берилген лимиттер сакталбай жаткандыгын белгилеп өттү. “Лимиттер
сакталгандыгынан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көз каранды. Суу
аздыгына жараша быйыл кар көп жааган жок. Ошентсе да сууну үнөмдөө керек”,-
деди Жантөрө Сатыбалиев. Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жетекчилигине
Каракол ЖЭБинин балансы тууралуу тапшырмаларды берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

