super.kg logo

Бишкекте Абдрахманов көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуш токтотулду (фото)

 
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Абдрахманов көчөсү, 176 дарегинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле объектинин белгиленген тартипте багытын алмаштыруу (перепрофилирование) боюнча уруксат албагандыгы белгилүү болду. Мекеме бул нерсе шаар куруу нормаларынын бузуу болуп эсептеле турганын кошумчалады.
Натыйжада курулуш иштери токтотулуп, жооптуу тарапка Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 144-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 23 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Мындан тышкары бузулган эрежелерди жоюу жана тиешелүү документтерди тапшыруу боюнча көрсөтмө берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: