"Психикалык жактан ооруйт". Караколдо окуучунун классташ кызын сабаган видеосу тарады (видео)
Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы мектептердин биринде 7-класстын окуучусу классташ кызын сабап жаткан видео тарады. Кадрларда баланын классташ кызын уруп, тепкилегени көрүнөт. Корккон кыз класстан качып чыккан, аны жанындагы курбу кыздары сооротуп жатканы байкалат.
Бул боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева социалдык тармактардын биринде билдирүү жасады.
Султанбаева бул окуя мектептердин биринде орун алганын, видеодо көрсөтүлгөн бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм экенин маалымдады. Ошондой эле ал учурда үй-бүлөлүк (индивидуалдык) окууга өткөрүлгөнүн кошумчалады.
"Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзам чегинде бардык зарыл чараларды көрүүдө. Ошондой эле билим берүү жана социалдык кызматтар балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүп жатышат. Окуянын бардык жагдайлары тиешелүү органдардын көзөмөлүндө турат. Текшерүүнүн жыйынтыгында кошумча маалымат расмий түрдө берилет",- деди ал.
Султанбаева ар бир баланы ден соолугунун абалына, мүмкүнчүлүгүнө карабай, аны коомдон бөлүп салууга же кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок экенин айтып, такталбаган маалыматтарды таратпоого жана балдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө зыян келтире турган терс пикирлерден алыс болууга чакырды.
Бул боюнча Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, мекеме төмөнкүлөргө токтолду:
"28-сентябрь күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарынын 1967-жылы туулган У. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал арызында 24-сентябрь күнү болжол менен саат 13:15 чамасында Каракол шаарынын Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2 мектебинин №209 класс бөлмөсүндө танапис учурунда 2012-жылы туулган Х.Я. аттуу небересин анын К.Т. аттуу классташы сабап, денесине жаракат келтиргенин билдирген.
Бул факты Каракол ШИИБинин МЭЖне катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жана ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.
Мындан сырткары жашы жете элек К.Т. аттуу өспүрүмдүн апасы уулу психикалык жактан ооруганы боюнча Ысык-Көл облустук Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда каттоодо турганын билдирген.
Караколдо окуучу классташ кызын сабады. Окуя боюнча милиция маалымат берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:22
2025-10-01

20:44
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.