super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги АКШда жашаган кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

 

АКШда коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) берүү жана узартуу тартибин жөнгө салган жаңы эрежелер киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

АКШнын Транспорт министрлигинин (DOT) жана Автотранспорттун коопсуздугу боюнча федералдык администрациясынын (FMCSA) расмий маалыматына ылайык, 26-сентябрдан тартып коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) алуу жана узартуу укугуна төмөнкүлөр ээ:

  • жашыл карта ээлери (мыйзамдуу туруктуу жашоочулар)
  • H-2A, H-2B, E-2 жумушчу визалары бар чет өлкөлүк жарандар

Мекеме жумушка орношууга уруксат документи (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) болгонуна карабастан, тиешелүү иммиграциялык статусу жок жарандар мындан ары коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алууга же узартууга укугу жок экенин билдирди.

Ошондой эле CDL талап кылган транспорт каражаттарын башкаруу менен алектенген Кыргызстандын жарандарына аталган күбөлүктү алуу же узартууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардан сактануу үчүн документтеринин толуктугун алдын ала текшерүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: