Ноокат районунда маңзат сатуу менен алектенген 2 адам кармалды
Ош облусунун Ноокат
районунда маңзат сатуу менен алектенген 2 адам кармалды. Бул тууралуу
16-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, Ош ОИИББинин
уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “маңзатты мыйзамсыз
сактаган” деп шектелип жергиликтүү эки тургун кармалды. Кармоо учурунда алардан
25 ширеңкеде гашиш табылган.
Жалпысынан 500 грамм баңгизатын сактагандардын
бири 27 жаштагы Т.Ш. мурда 5 жолу соттолгону аныкталган. Аталган факты боюнча
кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kalbek87

17.01.2014. 08:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ноокаттын центринде жашаган озбектер наркотик менен иш кылат деп уккамын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.