Манас шаарында мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган ишкерлерге айып пул салынды








Кечээ, 1-октябрда Манас шаарында мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган ишкерлерге айып пул салынды. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Мэриянын тийиштүү кызматтардан түзүлгөн комиссия курамы калаадагы тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга кезектеги рейдин уюштурду. Анда Байзаков проспектиндеги "Байэл" базарынын айланасындагы соода түйүндөрү кайрадан текшерилди. Буга чейин эскертүү берилген ишкерлерге 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми мамлекеттик тил мыйзамына каршы келген көрнөк-жарнактарды алуу боюнча айрым ишкерлерге бир айлык мөөнөт берилди.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылуусу зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:36
2025-10-02

21:16
2025-10-02
20:20
2025-10-02

17:59
2025-10-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.