super.kg logo

Вьетнамда "Буалой" тайфунунан каза болгондордун саны 29га жетти

 

Вьетнамды каптаган "Буалой" тайфунунун кесепетинен каза болгондордун саны 29га жетти. Бул тууралуу Vietnam News гезити жазды.

Маалыматка ылайык, 22 адамдын дайынсыз жоголуп, 139 адам жаракат алган. Ошондой эле 145 миң турак жай менен 1076 мектеп селден жабыркаганы айтылат.

Көптөгөн аймактарда жолдор суу астында калгандыктан, кыймыл токтоп калганы айтылган билдирүүдө. Кырсыктардан болжол менен 303 миллион доллар зыян келтирилгени болжолдонууда.

Эске салсак, Филиппинде катуу жамгыр жана шамал менен таасирин тийгизген "Буалой" тайфунунан 19 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: