Бишкекте "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу кайрымдуулук жарманкеси өттү






Кечээ, 1-октябрда Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында Карылар күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу кайрымдуулук жарманкеси өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык саламаттыкты сактоону башкаруу жана медициналык координация борборунун өкүлдөрү, ошондой эле AgeNet тармагы катышты.
Жарманкеде улгайган катышуучулар кол өнөрчүлүк буюмдарын – токулган буюмдарды, декоративдик-прикладдык искусствону, бышырылган азыктарды тартуулашты. Иш-чарага келгендер кандагы канттын деңгээлин акысыз текшерттирип, адистердин консультациясын алышты.
Иш-чаранын программасы кызыктуу жана ар түрдүү болду. Коноктор үчүн биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар, шахмат турнири, "Жүрөк кыймылда" флешмобу өттү. Иш-чара улгайган адамдардын көркөм чыгармачылык жамааттарынын, вокалдык жана бий ансамблдеринин катышуусундагы концерттик программа менен аяктады.

