super.kg logo

iPhone'дон ток уруп аял каза болду 

 

Ирландиянын Дублин шаарында аял iPhone телефонун ваннада жатып колдонуп, токко урунуп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 47 жаштагы аялды күйөөсү үйүнүн жуунучу бөлмөсүнөн эс-учун жоготкон абалында тапкан. Ал жабырлануучунун көкүрөгүнөн жана сол колунан күйүк алганын билдирген. Аял телефонун кубаттагычта турган учурда колдонгон.

Соттук отурумда аялдын күйөөсү аялын суудан алып чыгууга аракет кылып жатып ал да токко урунганын айтты. Ал ошондой эле өндүрүүчүлөр колдонуучуларга мындай шарттарда смартфондорду кубаттоо өлүмгө алып келерин эскертишпей турганын билдирген. Тактап айтканда, "анын iPhone телефонунда кубаттоо учурунда сууга тийип калуу коркунучу тууралуу эч кандай эскертүү болгон эмес" деп белгиледи ал.

Аялдын артында үч баласы калганы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: