super.kg logo
  Саясат  

БШК кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

 

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Ал эми добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылат. Жаран бул тизмеден өзү жөнүндө маалыматтарды тактап алса болот.

Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2025-жылдын 14-октябрына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.

Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот:

  • 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу;
  • шайлоо участогунда;
  • “119” номерине өзүңүздүн ПИН-паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СMС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз).

"Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, алдын ала шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 8-октябрдан 19-ноябрга чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана www.tizme.gov.kg сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен электрондук түрдө арыз бере аласыз",- деп жазылат маалыматта.

Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан ушул жол-жободон өтсө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: