super.kg logo

Орусияда 3 жашар кыз бассейнге чөгүп каза болду 

 

Орусиянын Адыгея аймагындагы туристтик курортто үч жашар кыз ачык бассейнде сууга түшүп жатып чөгүп кеткенин Орусиянын Тергөө комитетинин Telegram каналы билдирди.

Тергөөдө эс алуу жайынын жетекчиси эс алуучулардын, анын ичинде ачык бассейндеги коопсуздукту камсыздай албаганы аныкталган. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, куткаруучулар нөөмөттө турган эмес.

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси (Керектөөчүлөрдүн коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү, байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан далилдерди чогултууга багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: