Берлинде ХАМАС уюмунун мүчөсү делген 3 адам кармалды
Берлинде ХАМАС уюмунун мүчөсү делген 3 адам кармалды. Алар террорчулукту даярдоого шектелип жатат. Бул тууралуу Spiegel гезити жазды.
Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири 36 жаштагы ливан тектүү немис, экинчиси 44 жаштагы сириялык, үчүнчүсү 43 жаштагы ливандык. Аларга ХАМАС курал-жарак сатып алуу тапшырмасын берген жана жайында еврей жана израилдик объекттерге чабуул даярдалган. Берлиндин прокуратурасы аларды "чет өлкөлүк террористтик уюмдун мүчөсү болуу жана оор кылмыш даярдоо" боюнча айыптоодо.
Шектүүлөр терроризмге каршы атайын операция учурунда кармалган. Операциялар Берлинден тышкары Лейпцигде жана Түндүк Рейн-Вестфалияда да жүргүзүлдү. Полиция ар кандай курал-жарактарды далил катары алган. Бул Германияда ХАМАС мүчөлөрү кармалган алгачкы окуя эмес. 2023-жылы Берлинде үч киши, ал эми Роттердамда бирөө кармалган.

