super.kg logo
  Саясат  

Президент алдыдагы шайлоонун артыкчылыгын айтты

 

Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо мыйзамынын артыкчылыгы тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Айтымында, алдыдагы шайлоодо ар бир талапкер көз карандысыз болуп, өзү үчүн гана чуркайт.

"Мурдагы шайлоолордон артыкчылыгы - мындан ары депутаттык мандат 100 миң доллардан баштап 1 миллион долларга чейин сатылбайт. Ар бир талапкер көз карандысыз болуп, өзү үчүн гана чуркайт. Кыргызстандын аймагынын географиялык абалы эске алынып, 30 округга бөлүндү.

Ушул жерден айта кетчү нерсе, округдар кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгына эмес, жергиликтүү бийликтегилердин сунушу жана БШК менен биргеликте кабыл алынды. “Бул айылды тиги округга кошуп бергиле” деп чуркап жүргөн талапкерлер дагы бар. Андай болбойт.

Кайсы бир талапкердин эмес, жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Беш-алты айыл башка облустун же башка райондун округуна кошулуп калса, андан трагедия жасаштын кереги жок. Бир эле Кыргызстанбыз. Кимдин кадыр-баркы жогору болсо, кайсы округдан койбосун, ал өтүп келет.

Ар бир округдан үчтөн депутат келет. Үчүнчү орун гендерлик теңчиликти, гендерлик мыйзамды эске алуу менен жынысына карап берилет",- деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: