Таласта жаңы соода жана оюн-зоок борборунун курулушу башталды





Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” соода жана оюн-зоок борборунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Аталган борбор Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде курулууда. Курулуштун жалпы аянты – 17 000 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Соода жана оюн-зоок борборунун эскиздик долбоору Талас шаардык Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.
Учурда курулуш объектинде жер казуу иштери активдүү жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:36
2025-10-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.