Аргентинада "космос капсуласы" табылып дүрбөлөң жаратты
Аргентинанын Чако провинциясындагы талаадан узундугу 1,7 метр болгон цилиндр сымал белгисиз буюм табылды. Бул табылга жергиликтүүлөрдү кооптонууга салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аймак полиция тарабынан курчоого алынып, бомба зыянсыздандыруу кызматы чакырылды.
Чако полициясынын жетекчиси Фернандо Ромеро табылган буюмдун ичинде күйүүчү май катары колдонулган уулуу гидразин бар экенин билдирди. Аргентинадагы Аэро-Космос изилдөө борбору аны "композит менен бекемделген басымдуу күйүүчү май танкы" болушу мүмкүн деп баалады. Расмий органдар капсуланын космостон түшкөнүн азырынча тастыктай элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:18
2025-10-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.