Бишкекте бош иш орундары боюнча жарманке өттү










Эмгек министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы "Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору" коомдук фонду менен биргеликте бүгүн, 2-октябрда "Бош орундар жана карьера жарманкесин" өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты.
"Министрлик жумуш издеп жүргөн жарандарды ишке орноштурууга активдүү көмөктөшүп келет. Быйыл 1-сентябрга карата активдүү иш менен камсыз кылуу чараларынын алкагында эмгек рыногуна 20 484 жумушсуз жаран тартылды. Иш менен камсыз кылуу кызматынын колдоосу менен 9 798 адам ишке орношту.
Мындай жарманкелерди өткөрүү да адамдарга жумуш табууга натыйжалуу ыкма болуп саналат. Бүгүн 100дөн ашуун ишкана 5 000ден ашык жумуш орундарын сунуштап жатат. Сиздер түздөн-түз иш берүүчүлөр менен баарлашып, тестирлөөдөн өтүп, адистерден кеңеш ала аласыздар. Ушундай жарманкелер октябрь айында өлкөнүн бардык региондорунда өтөт",- деди Солтонбекова.
Жарманкеде жарандар борбор калаанын ишканаларынын жумуш орундарын көрүп, кесиптик тестирлөөдөн өтүп жана адистерден консультация ала алышты. Окуучулар жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн профориентациялык тесттер жана келечектеги кесипти тандоо боюнча консультациялар уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:20
2025-10-02

17:59
2025-10-02

15:36
2025-10-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.