Борбор калаада мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди







Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мугалимдерин салтанаттуу куттуктоо аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана башка ардактуу коноктор катышып, мугалимдерди жана педагогикалык эмгектин ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Шаар мэри "Жылдын мыкты мугалими – 2025" сынагынын ар бир номинациясынын жеңүүчүлөрүн куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. 1-орунга 100 000 сомдук, 2-орунга 80 000 сомго, 3-орунга ээ болгон мугалимдерге 60 000 сомдук сертификаттар тапшырылды.
Калаа башчысы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын үзүрлүү жана күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
"Президенттин колдоосу менен акыркы үч жылда 9 мектеп, 15 кошумча окуу корпусу, 23 бала бакча курулду. Бул иштер улантылып, жаңыдан курулган мектептер модернизацияланып, инклюзивдик принциптерге ылайыкталат. Билим берүү мекемелери жыл сайын капиталдык оңдоодон өтөт. 2025-жылы бул максаттарга, анын ичинде мамлекеттик менчикке кайтарылган мекемелерге бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Педагогикалык кадрларды толуктоо жана иш менен камсыз кылуу үчүн шаардык казынадан "Жаш мугалимдин депозити" программасына каражат бөлүнүүдө. "Акыркы үч жылда бул долбоорго 300дөн ашык мугалим катышып, алардын 58и болжол менен 8 миллион сомго ээ болушту",- деп белгиледи Жунушалиев.
Ошондой эле мэр "Жаш мугалимдин депозити" программасын каржылоону көбөйтүү жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу пландарын белгиледи.
Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери, Эл артисттери, ансамблдер, "Интервидение- 2025" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү болгон “Nomad” триосу жана башкалардын катышуусундагы жандуу концерт менен жыйынтыкталды.


