Кыялдар орундалат! Баш байге — батир: MBANK «Сыйлыктар марафонун» баштады
Биз эмнени кыялданабыз? Жакындарыбыз үчүн жылуулук менен жайлуулукту, керемет саякаттарды, каржылык эркиндикти. MBANK кыргызстандыктардын эң чоң кыялдарын билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү. Жооптор ар түрдүү болгон, бирок көпчүлүк өзгөчө жылуулук менен бир нерсени атады: өз үйү — бакыт менен эртеңки күнгө ишеним башталган жер.
MBANK каалоолор орундалууга тийиш экенине ишенет. Ошондуктан, ал күнүмдүк иштерди чоң кыялга жетүүнүн жолуна айлантат! MBANK «Сыйлыктардын марафону» башталганын жарыялайт! Бул — жөнөкөй күнүмдүк иштерди, мисалы: интернет төлөмү, эсеп толуктоо, билет сатып алуу сыяктуу аракеттерди жаңы батирдин ачкычына жана миллион сомдорго айлантуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү!
Кыялыңыз кантип жакындайт?
Катышуу опоңой — анткени сиз муну күн сайын жасап келесиз. MBANK колдонмосунда жана анын кызматтарында: MTravel, MTicket, MInvest, MMarket, M+, MJunior ж.б. тапшырмаларды аткарыңыз. Тапшырма күнүмдүк, жумалык жана айлык болуп бөлүнөт. Ар бир аткарылган аракет үчүн балл топтойсуз. Ар 500 балл автоматтык түрдө бир Жеңиш Мүмкүнчүлүгүн берет. Мүмкүнчүлүгүңүз канчалык көп болсо, кыял ошончо жакын болот!
«Сыйлыктардын марафону» — сиздин бактылуулугуңуз үчүн!
Биз 10 000ден ашуун белектерди даярдадык! Башкы жана күтүлгөн сыйлык — БИШКЕКТЕН БАТИР! Элестетиңиз, бул — жакында сиздин бактыңыз орной турган жер!
Ошондой эле чоң акчалай сыйлыктар да күтөт:
- 10 жеңүүчү — ар бири 1 000 000 сомдон;
- 20 катышуучу — ар бири 500 000 сомдон;
- 50 адам — ар бири 100 000 сомдон.
Ошондой эле пайдалуу сертификаттарды утуп алсаңыз болот:
- 100 сертификат — MTravel’ге 10 000 сомдон (кыялдагы саякат үчүн!)
- 200 — MMarket’те 10 000 сомдон
- 100 — MTicket’те 1 000 сомдон
- 100 — MInvest’те 10 000 сомдон
Фирмалык MBANK белектери:
- 5 250 кол чатыр
- 3 250 термокружка
- 1 500 рюкзак
Кыялыңызга бүгүн кадам таштаңыз!
1. MBANK колдонмосун ачыңыз.
2. Башкы экрандагы «Сыйлыктардын марафону» баннерин басыңыз — бул акцияга өтүүчү жолуңуз.
3. Акция баракчасында топтогон баллдарыңызды, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүңүздү көрө аласыз жана тапшырмаларды тандай аласыз.
«MBANK - бүгүнкү күндө кардарлары күткөн ийгиликтери жаратып жаткан санарип экосистема. Биз жөн гана каржы бербейбиз, биз жашоону ыңгайлуу кылуу үчүн бардыгын бириктиребиз: билеттен жана саякаттан тартып, инвестицияга жана балдар картасына чейин.
Сыйлыктардын марафонунун маңызы — экосистемадагы ар бир күнүмдүк кадамыңыз (төлөм, которуу, сатып алуу) түздөн-түз кыялыңызга алып барат. Бул кыял — реалдуу, мисалы, Бишкекте жеке батир. MBANK’тын бардык мүмкүнчүлуктөрүн колдонуп - жеңишке жетишиңиз!» — деп билдирет, MBANK Башкармалыгынын төрагасынын стратегиялык жана санариптик өнүгүү боюнча биринчи орун басары Марат Торалиев.
Күнүмдүк турмушту унутулгус окуяга айлантып, башкы кыялыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербеңиз!
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы
