Bloomberg: ChatGPT'ни иштеп чыккан компаниянын баасы 500 миллиард долларга жетти
Америкалык OpenAI компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат жеке компания болду. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Маалым болгондой, ChatGPTни иштеп чыккан бул компаниянын баасы 500 миллиард долларга жетти.
Жаңы баалоо учурдагы кызматкерлер компаниянын акцияларын инвесторлорго 6,6 миллиард долларга саткандан кийин белгиленди. Аны сатып алгандардын арасында Thrive Capital, SoftBank Group, Dragoneer Investment Group, MGX жана T. Rowe Price бар.
Буга чейин дүйнөдөгү эң кымбат жеке компания болуп Илон Масктын SpaceX компаниясы эсептелчү, анын баасы 400 миллиард доллар деп белгиленген.
OpenAI — жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгууда дүйнөлүк лидерлердин бири. Компания 2024-жылы коммерциялык компанияга айланбай турганын жана бейкоммерциялык уюмдун башкаруусунда кала турганын билдирген. Бирок Bloomberg жазгандай, учурда OpenAI Microsoft менен кадимки коммерциялык компанияга айлануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

