Бишкекте "Дени сак Евразия" аттуу акция өттү










Катышуучулардын кан басымы текшерилип, кардиолог менен кеңешме уюштурулду.
1-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты чыңдоо жана массалык коммуникация республикалык борборунда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү жана Карылар күнүнө арналган "Дени сак Евразия" аттуу медициналык-агартуу акциясы болуп өттү.
Иш-чаранын уюштуруучулары – "Евразия" КФА жана Саламаттыкты чыңдоо жана массалык коммуникация республикалык борбору.
100дөн ашык адам акцияга катышып, анын негизги максаты – жүрөктүн ден соолугу жөнөкөй жана жеткиликтүү кадамдардан башталарына көңүл буруу болду.
Иш-чаранын алкагында:
• катышуучулардын артериалдык кан басымы текшерилди;
• кардиолог менен кеңешме өткөрүлдү;
• медициналык викторина уюштурулду;
• соңунда ар бир катышуучуга пайдалуу сунуштар жазылган жеке эскертме — "Ден соо жүрөктүн паспорту" тапшырылды.


