super.kg logo

Жалал-Абад облусунда сатылган жер тилкелерине байланыштуу эки кызмат адамы кармалды

 

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Базар-Коргон бөлүмүнүн адиси А.А. жана Сейдукум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айыл башчысы М.У. жер тилкелерине байланышкан алдамчылык фактылары боюнча кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, кармалгандар жер тилкелерин каттоо үчүн жарандардан алдамчылык жолу менен акча каражаттарын алып, ошол эле учурда документтерди жасалмалоо менен менчик ээлерин алардын макулдугусуз менчик укугунан ажыратып, андан ары жер тилкелерин үчүнчү жактарга өткөрүшкөн. Мындан улам жабырлануучуларга бир топ зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалган алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар тергөө абагына киргизилип, иш каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: