Кытай Айга жөнөтүлө турган робот-иттерди сыноодон өткөрүүдө
Пекин университетинин компьютер илимдер факультетинин изилдөөчүлөрү Айды изилдөөгө жана мүмкүн болгон пилоттук миссияларга даярдык көрүүгө арналып атайын иштелип чыккан робот-иттерди сыноодон өткөрүп жатышат. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.
Эки прототип Хэйлунцзян провинциясындагы Цзинпоху көлүнүн жанындагы лавалык үңкүрдө сыноодон өтүүдө. Окумуштуулардын айтымында, агып чыккан лаванын кесепетинде пайда болгон бул үңкүрдүн шарттары Айдагы шарттарга көп жагынан окшош. Роботтор адамга кыйын же мүмкүн эмес болгон геодезиялык иштерди аткаруу үчүн чалгынчы катары колдонулууда.
Прототиптердин бири мобилдик платформа менен айкалыштырып, татаал шарттарда көп функциялуу операцияларды жүргүзүүгө ылайыкталган. Экинчиси болсо оор рельефтен өтө ала турган жана чалгындоо жүргүзө ала турган дөңгөлөктүү робот.

