Арасында Грета Тунберг бар. Израил Газа секторуна багытталган флотилияны токтотту (видео)
Израил аскерлери Газага багыт алган активисттер жана гуманитардык жардам жүктөлгөн "Эркиндик флотилиясындагы" 13 кемени токтотту. Кармалгандардын арасында шведдик активист Грета Тунберг да бар. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, дагы 30 кеме Газа тарапка жолун улантууда.
Израилдин ТИМи жарыялаган жана Reuters тастыктаган видеодо Грета Тунберг аскерлердин курчоосунда палубада отурганы көрүнөт.
Буга чейин Тунберг Израилдин "Эркиндик флотилиясын" тосуп калуу пландары тууралуу билдирүү жасап, муну "гуманитардык жана деңиз мыйзамдарынын одоно бузулушу" деп атаган.
Учурдагы жылдын июнь-июль айларында да Израил окшош демилгелерди токтоткон. Анда Газага деңиз аркылуу гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган кемелерди токтотуп, экипаждарды кармап, өлкөдөн чыгарып жиберген. Июнь айында Грета Тунберг Израил аскерлери Газадан 185 чакырым алыстыкта токтоткон флотилиянын курамында болгон.
Арасында Грета Тунберг бар. Израил Газа секторуна багытталган флотилияны токтотту
