2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалы үчүн билеттердин баасы белгиленди
2026-жылдын 19-июлунда Нью-Джерси штатындагы MetLife Stadium стадионунда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына билеттердин баасы 2 030 доллардан 6 370 долларга чейин деп белгиленди. Бул тууралуу The Athletic порталы жазды.
Чемпиондуктун ачылыш оюну 11-июнда Мехикодо өтөт, ал үчүн билеттердин баасы 370-1 825 долларга чейин деп белгиленүүдө. АКШ курамасы катышкан Лос-Анжелестеги старттык оюндун билеттери 560дан 2 735 долларга чейин болмокчу. Группалык этаптын көпчүлүк оюндарында эң арзан билеттердин баштапкы баасы 60 долларды түзөт. Ал эми чейрек финалга баргысы келгендер эң аз 275 доллар сарпташса, жарым финалды көрүүнү каалагандар кеминде 420 доллардан кем эмес акча коротушат.
Билет сатуу бир нече этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү лотереянын жеңүүчүлөрүнө ачылган, анда болжол менен 4,5 миллион адам катышкан. Экинчи этап 27-октябрда башталат.

