"Сосновка" өткөрмөсүндө чектөө киргизилди
Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Жайыл районунун "Сосновка" өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 16:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, мында чектөө кырсыктарды алдын алуу, жол тыгындарын болтурбоо максатында коюлду.
Министрлик айдоочулардан зарылдык болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып турууну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















