Мурас-Ордо конушунда жаңы сейил бактын салтанаттуу ачылышы болду (фото)










Бишкектин Биринчи Май районунун Мурас-Ордо конушунда жаңы сейил бактын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда шаардык мэриядан билдиришти.
Ачылышка мэрдин орун басары Азамат Кадыров, райондун башчысы Улан Сарылбек уулу, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эрмек Арымбаев, конуштун аксакалы Калыгул уулу Табылды жана жергиликтүү тургундар катышты. Ардактуу коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, салтанаттуу ачышты. Райондун тургундары Бишкек шаарынын мэриясынын жана Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Аянты 1,12 гектар болгон сейил бактын курулушун Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзгөн. Анда жөө адамдар үчүн жолдор, кичи футбол аянтчасы, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, жайкы сахна, арена, гүлзарлар каралган. Аймак көрктөндүрүлүп, скважина бургуланып, автоматтык сугат системасы орнотулуп, заманбап жарыктандыруулар орнотулду. Тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана вандализмден коргоо үчүн айланасына видеокөзөмөл камералары орнотулган.
Сейил бактын ачылышы Мурас-Ордо конушунун 20 жылдык мааракесине туш келип, шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык концерт тартууланды. Жаштар арасында футбол, аркан тартыш, элдик оюндар сыяктуу спорттук мелдештер уюштурулду.



