"Жашоого укуктуу эмес". Ысык-Көлдө 17 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген адамдын апасы үн катты (видео)
Интернетте Ысык-Көлдө 17 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган шектүүнүн апасы жана агасымын деген адамдардын видео кайрылуусу тарады. Анда алар кыздын ата-энесинин эң катаал жазаны берүү талабын колдой турганын билдиришти.
Шектүүнүн апасы кайрылуусунда, окуя болгон учурда ал Бишкекте болгонун жана бул жөнүндө кийинчерээк гана укканын белгиледи.
"Уулум Ысык-Көлдө болчу, мен Бишкекте болчумун. Бул жөнүндө кийинчерээк билдик. Айтаарга сөзүм жок. Жүрөгүм ооруп турат. Кыздын ата-энеси сураган оор жазаны мен да балама сурайм, ошондой болуш керек", — деди ал.
Шектүүнүн атасынын иниси дагы болгон окуяны түшүнө албай жатканын айтты.
"Биз да бийликке эң жогорку жазаны берүүнү суранып жатабыз. Ал бул дүйнөдө жашоого укуктуу эмес. Дем алууга да укуктуу эмес",- деди ал.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу маалымдаган.
Ысык-Көлдө киши колдуу болгон кыз: Шектүүнүн апасы үн катты
