Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөндөр кармалышты



Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөндөр кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2024-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине Ф.Ж. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Анда эмерек сатуучу дүкөндөрдүн биринин кызматкерлери 2021-жылдын августунда Түркиядан эмерек алып келүү үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдын ала (аванс) алышып, милдеттенмелерин аткарбай качып кетишкенин билдирген. Ошондой эле аларга карата чара көрүүнү суранган.
Кыргызстандын жана Түркиянын Ички иштер министрликтеринин ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Түркиянын аймагынан К.Г. аттуу жаран аныкталып, кармалган.
Кылмышкерлерди эл аралык издөө иштеринин жүрүшүндө 12-сентябрда да Вьетнамдан 1999-жылы туулган Т.А. кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча издөөдө болгон (эски редакциясында).
Азыркы учурда К.Г. аттуу жаран Кыргызстанга алынып келинип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Ал эми Т.А.ны өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Мекемеден билдиришкендей, аталган адамдарды издөө жана кармоо боюнча иштер Башкы прокуратура жана УКМК менен тыгыз байланышта жүргүзүлгөн.

