super.kg logo

Казакстанга белгилүү түрк актёру Бурак Өзчивит келди (видео)

 

Казакстанга белгилүү түрк актёру Бурак Өзчивит келди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Бурак Өзчивит Казакстанга биринчи жолу келип жаткан жок. Бул жолу ал "Қорқыт ата" аттуу кинофестивалга катышуу үчүн Актауга келген жана фестивалдын башкы жылдызы болду.

Фестиваль Казакстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө, буга чейин ал Стамбул, Бурса, Шуше жана Анау шаарларында өткөн. Актауда иш-чара 1-октябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат.

"Даңазалуу доор", "Осмон", "Кара сүйүү" сериалдарынын жылдызы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аны күйөрмандары кандай кабыл алганын бөлүштү.

Бурак кинофестиваль ачылышына келген эң кичинекей күйөрмандарына да көңүл бурду, ачылыш аземи Достук үйүнүн алдында өттү.

Бүгүн, 2-октябрда түрк актёру менен жолугушуу өтөт, анда күйөрмандар ага кызыккан суроолорун бере алышат.






Казакстанга белгилүү түрк актёру Бурак Өзчивит келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: